Байдендин билдирүүсүнөн кийин доллардын курсу жогорулады

Байдендин билдирүүсүнөн кийин Москва биржасында доллардын курсу жогорулады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, америкалык валюта өсүшүн мурунку сессиянын жабылыш деңгээлине салыштырмалуу 1,58% га чейин тездетип, 10-марттан бери биринчи жолу 74 рубль деңгээлинде токтогон. Бул көрсөткүчкө Москва убактысы боюнча саат 14:18де Москва биржасынын соода маалыматтары күбө.

Эксперттер АКШ президенти Джо Байдендин маеги жарыялангандан кийин доллар көтөрүлө баштаганын белгилешти.

Буга чейин Джо Байден Россиянын президенти Владимир Путин менен бири-бирин түшүнүшөрүн айткан деп кабарлады NEWS.ru.



Керемет Акматова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу