АКШда соода борборундагы атышуудан 10 адам каза болду

АКШда белгисиз адам 10 адамды атып өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Колорадо штатынын Боулдер шаарында белгисиз адам "King Soopers" соода борборунун жанында ок чыгарып, андан соң дүкөндүн ичинедеги 10 адамды атып өлтүргөн. Каза болгондордун ичинде милиция кызматкери дагы бар.

Кылмышкер окуя болгон жерден колго түшүрүлдү. Бирок алардын бири 51 жаштагы Эрик Талли операция учурунда өлтүрүлгөн. Ок атуунун себептери азырынча белгисиз, анын ким экендиги айтыла элек.

"Биз колубуздан келгенин кылып күнү-түнү иш алып барабыз, шектүү кармалды. Мен бардык жашоочуларды тынчтануусун каалайт элем, силер толугу менен коопсузсуңар. Каза болгондордун өздүгүн тез арада аныктоого аракет кылабыз", — дейт Боулдер полициясынын башчысы Марис Герольд "Euronews" каналына берген маегинде.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Джен Псаки Джо Байден окуя тууралуу кабардар болгонун айтты. Бул жыл башынан бери Кошмо Штаттарда болгон жетинчи жана акыркы жумада болгон экинчи массалык өлтүрүү. 16-мартта, Джорджия штатындагы Атланта шаарында үч массаж салонуна кол салуу болуп, 8 адам каза болгон.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу